SerepTV Logo

Кегети суу сактагычына 11 жаштагы бала чөгүп, каза болду

Кегети суу сактагычына 11 жаштагы бала чөгүп, каза болду
Чүй облусунун Кегети айылында суу сактоочу көлмөгө 11 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады. Маалыматка ылайык, 26-июль күнү Кегети айылындагы суу сактоочу көлмөгө 11 жаштагы К. уулу Н. чөгүп кеткен. Жерине 3 суучул тартылып, өспүрүмдүн жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.