Кечээ өлкөдө 4 адам сууга чөгүп, каза болду. Арасында 9 жаштагы бала да бар
Кечээ, 6-июлда өлкө боюнча 4 сууга чөгүү катталды. Анын ичинен 3 адамдын сөөгү табылып, 1 адамды учурда издөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Люксембург айылынын Ленин көчөсүндө каналдын суу бөлүштүрүүчү түйүнүндө 9 жаштагы баланын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул аймакка 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган баланын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылында 21 жаштагы жигиттин көлгө чөгүп кеткендигин маалымдашкан. Аны издеп-куткарууга 6 куткаруучу, РИИБден 2 кызматкер жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Куткаруучулар жигиттин сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине беришти. Ошондой эле, Чолпон-Ата шаарында болжол менен 35 жаштагы эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн. Кырсык катталган жерге саат 17:19да 5 куткаруучу тартылган. Анын сөөгү 18:32де куткаруучулар тарабынан табылды.
Ал эми Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылынан агып өтүүчү Чоң-Чүй Каналына түшүп кеткен 20 жаштагы жигитти издөөгө саат 08:47де жалпы 12 куткаруучу тартылган.