SerepTV Logo

Кечээ Бишкектин чок ортосунда ок атылды

Кечээ Бишкектин чок ортосунда ок атылды
Бишкек шаарынын борборунда ок атылды. Окуя кечээ, 22-декабрда саат 20:56да болгон. Бөкөнбаев көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн короосунда жигиттердин ортосунда чыр чыккан. Алардын бири ок атуучу куралдан ок чыгарган. Айрым ЖМКлар жаңжал спортчулардын ортосунда чыкканын жазып жатышат. Бирок милиция окуя боюнча үн ката элек.