SerepTV Logo

Камакка алынган Жээнбеков менен Зулпукаровдун адвокаттары иш боюнча эмне дешет?

Камакка алынган Жээнбеков менен Зулпукаровдун адвокаттары иш боюнча эмне дешет?
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун адвокаттары эки депутатка курулай күнөө тагылып жатат деген пикирлерин билдиришти. Кечээ, 31-майда эки депутататтын баш коргоо чарасы каралып, УКМКнын тергөө абагына эки ай мөөнөткө киргизилген. Алар "Кумтөр" иши боюнча коррупцияга шектелүүдө. Жээнбековдун жактоочусу Давран Касымов бул окуяны курулай күнөөлөө дейт. "Бул кылмыш иши өз кезегинде Асылбек Жээнбековдун Садыр Жапаровдун демилгесин колдобой койгонунан улам болууда. Бул күлкү келерлик иш деп эсептейм. Тергөө экологиялык жана экономикалык нормалардын бузулганын так иликтеп чыгышы керек эле. Тагыраагы, бул мыйзам бузуулар эмнеден келип чыкканын аныктап, андан соң жоопко тартыш керек", — деди адвокат. Ал эми Зулпукаровдун жактоочусу Асылбек Кочкоров тагылган күнөө негизсиз деген пикирин айтты. "Бул курулай күнөөлөө деп эсептейбиз. Айып тагуу стандарттуу түрдө болууда, ал — коррупция. Мен жактап жаткан адамды "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык топтун ишин бир апта кийинкиге калтырганга мурдагы бийликке жардамдашкан деп жатышат", — деди ал.
edita