"Казынага 150 миллион сом кайтарды". Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду
Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен кызматташуу келишимин түзгөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, тергөө иштери аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.
Мындан тышкары, Суракматов тергөө менен кызматташуу келишимине кол коюп, тергөө учурунда Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары боюнча көрсөтмө берген. Мындан тышкары, ал келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун төлөп берген.