SerepTV Logo

Казарман-Жумгал жолунда жер көчкү жүрүп, 60 жаран эвакуацияланды

Казарман-Жумгал жолунда жер көчкү жүрүп, 60 жаран эвакуацияланды

25-августта саат 03:15 чамасында Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 255-чакырымында (Казарман-Жумгал автоунаа жолунун 45-чакырымы) таш кулап, жолду тосуп калгандыктан, жарандар жолдо калып калган деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Аталган аймакта кырдаалды жөнгө салуу үчүн 3 куткаруучу, 2 милиция кызматкери, Макмал алтын комбинатынан айдоочу тартылып, кырсык катталган аймакта 60 жаран эвакувацияланды. Жеринде 3 техника жол тазалоо боюнча иш алып барууда.
Бактыга жараша жабыр тарткандар жок .