Казакстанга жумуш издеп бараткан. Кыргыз жараны чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылды
Чүй облусунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 40 жаштагы кыргыз жараны 25-апрелде Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Ал чек арачыларга кошуна өлкөгө жумуш издөө максатында баратканын билдирген. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берилди.