Казакстандан Кыргызстанга баңгизат ташыгандар кармалды
Кыргызстандын аймагына гашиш баңгизатын жеткирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аламүдүн районунун Ленинское айылында ыкчам-тергөө иш-аракеттерди өткөрүү учурунда салмагы 1 килограмм 800 граммды түзгөн гашиш баңгизатын сатуу учурунда 2001-жылы туулган Кыргыз жараны кармалды. Андан кийинки иш-чараларды өткөрүү учурунда экинчи шектүү кармалган. Ал 2000-жылы туулган Казак жараны болгон. Ал Субару-Б4 үлгүсүндөгү унаага жашыруун орун жасап, Казакстандан Кыргызстанга баңгизаттарды сатуу максатында аткезчилик жолу менен алып келген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда баңгилик топтун башка мүчөлөрүн жана бул кылмышка тиешелүү жактарды кармаганга тергөө-ыкчам иш-аракеттерин жүрүүдө. Кармалгандар шектүүлөр Бишкек шаарынын тергөө абагына киргизилип, тергөө аракеттери уланууда.