SerepTV Logo

Казакстанда каржы пирамидасын түзүүгө шектелген жаран Бишкекте кармалды

Казакстанда каржы пирамидасын түзүүгө шектелген жаран Бишкекте кармалды
Коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары издөө алган жаран видеокамералардын жардамы менен Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Бишкекте жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен КМШ өлкөлөрүнүн биринде издөө жарыяланган жаран аныкталды. Видеобайкоо камералары аны пирамида схемасын түзүү жана жетектөө үчүн издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган. Буга чейин Алматы шаарынын Медеу райондук полиция башкармалыгы тарабынан Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси (каржы пирамидасын түзүү жана жетекчилик кылуу) боюнча издөө жарыяланган өздөрүнүн жараны Бишкек шаарындагы камераларга 2023-жылдын декабрь айынын аягында түшүп калган. Ага карата бөгөт коюу чарасы камакка алуу болгон. Казакстанда 2021-жылдын апрелинде жабыркаган салымчылар үч компаниянын иши боюнча жамааттык арыз менен полицияга кайрылып, аларды каржы пирамидасы деп аташкан. Бул компаниялар өздөрүн эң кирешелүү инвестициялык ийгиликтүү уюмдар катары көрсөтүшкөн. Жогорудагы фактыларга тиешеси бар деп кармалган Алматы шаарынын тургуну каржы пирамидасын түзүүгө жана жетектөөгө шектелүүдө. Бул компаниялар салымчылардан бир нече миллиарддаган теңгесин мыйзамсыз чогулткан. Келип түшкөн акча каражаттарынын агымын көбөйтүү максатында каржы пирамидалардын ишмердүүлүгүнө белгилүү блогерлер тартылган. Сот эки вайнерди пирамида схемасы боюнча иштегендиги үчүн беш жылга эркинен ажыраткан. Бишкекте изделип жаткан Алматы шаарынын тургуну камакка алынды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="222271,222272"]