SerepTV Logo

Казакстанда жубайларды өлтүрүп, качып жүргөн шектүү Бишкекте кармалды

Казакстанда жубайларды өлтүрүп, качып жүргөн шектүү Бишкекте кармалды
Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик жаран Бишкекте кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Казак жараны кармалды. Кармалган адам өзгөчө оор кылмыш жасоого айыпталууда. Колдо болгон маалыматтарга караганда, издөөдө жүргөн жаран 2018-жылдын 29-октябрында Казакстандын Караганда облусунун Балхаш шаарында 1984-жылы туулган Х.А.С. жана 1973-жылы туулган Х.К.М. аттуу жубайларды өлтүргөн. Мындан улам, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2018-жылдын аягында Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагындагы мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. 24-февралда ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.
edita