SerepTV Logo

Казакстанда адам өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран Кыргызстанда кармалды

Казакстанда адам өлтүрүүгө шектелип жаткан жаран Кыргызстанда кармалды
Адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн Казак жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, 26-сентябрда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан 1995-жылы туулган Алматы шаарынын тургуну кармалган. Ал расмий өтмөктөрдү айланып, казак-кыргыз мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, андан соң эл аралык “Манас" аэропорту аркылуу үчүнчү мамлекеттерге учуп кетүүнү көздөгөн. УКМК тарабынан ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, 27-сентябрда Октябрь райондук сотунун чечими менен чет элдик жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алынды. Ошол эле учурда, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан адам өлтүрүүгө катышкан деп издөөдө жүргөнү аныкталган.