Катуу шамалдан «Быстровка» көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы линиясынын тирөөчү кулап түшкөн
Кечээ, 27-ноябрда саат 22:52де «Быстровка» көмөк чордонунда жогорку чыңалуудагы 110 киловольттук «Орловка-1,2» линиясы өчүрүлгөн. Бул тууралуу «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтан билдиришти.
Маалыматка караганда, автоматтык жана кол менен күйгүзүү ийгиликтүү болгон эмес. Экспертизада катуу шамалдын кесепетинен №7 темир-бетон тирөөчү сынып калганы аныкталган. Учурда адистер калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат, бардык керектөөчүлөр жана участкалык шайлоо тилкелери башка электр линияларына которулган. «Окуя болгон жерге кызматкерлердин тобу барып, атайын техникалар менен запастык жардам көрсөтүлдү. Бирок оңдоо иштерин баштай алышпайт. Катуу шамал ишти тез баштоого мумкундук бербей жатат. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашат. Шамал окуя болгон жерге келген бригаданын унааларын оодарып кеткен», - деп айтылат маалыматта.
Алардын айтымында, шайлоо мезгилине карата кошумча бригадалар түзүлүп, жетекчилердин жана жооптуу адистердин нөөмөтү уюштурулган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="85865,85866"]