Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолуна шагыл түштү
Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 431-432 чакырым аралыгында (Разан-Сай айылы) катуу жааган жамгырдын кесепетинен жолго кум жана шагыл түшүп, жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Ал жерге 7 куткаруучу, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 1 манипулятор, 3 кызматкер тартылган. Саат 8:00дө кошумча 15 куткаруучу тартылган. Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында (Кара-Көл шаары) жана 451-чакырымында (Таш-Көмүр шаары) посттор уюштурулган”, - деп айтылат маалыматта.
Саат 10:30да унаа жол бир тараптуу ачылган. Учурда кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Таш кулоодон жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.
Ал эми Короче телеграм-каналы окуя болгон жерден видео таратты.
[video width="480" height="480" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/na_trassu_bishkek_—_osh_soshla_massa_iz_peska_i_graviya_ona_byla_zakryta.mp4"][/video]