Кашка-Суудагы лыжа базасында асма жолдун кыймылдаткычы күйүп, адамдар калып калган
Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында жайгашкан “Кашка-Суу” лыжа базасынын киши ташуучу асма жолунун (канатка) кыймылдаткычы күйүп, токтоп калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
ӨКМге адамдар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген 13 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин лыжа базанын администрациясы резевдик кыймылдаткычты кошуп, жарандарды өз күчтөрү менен түшүрөрүн билдиришкен.