Каркыра жайлоосунда 3 күндө 230 баш кой, 30 жылкы, 40 бодо мал өлдү
28-30-майда жааган кардын кесепетинен Түп районунун алыскы жайлоолорундагы малчылардын мал-жандыктарына зыян келтирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ал жерге барган кызматкерлер Каркыра жайлоосундагы малчылардын абалынан кабар алып, жайлоодо кар эрип, унаа жолдор ачык, кошумча тоют (чөп) керек эместиги жана болжол менен 230 баш кой-эчки, 30 жылкы кулуну менен, 40 бодо мал өлгөнүн такташкан.