SerepTV Logo

Караколдогу үйлөрдүн биринен майнинг ферма табылды (видео)

Караколдогу үйлөрдүн биринен майнинг ферма табылды (видео)
Ысык-Көл облусунда майнинг-фермасын электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө, УКМК тарабынан Каракол райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте майнинг-ферманы облустун электр тармактарына мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталды. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө, Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде электр тармактарына мыйзамсыз кошулган, электр энергиясын уурдоо менен майнинг-фермасын түзүү жолу аркылуу криптовалютаны чыгаруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттер уюштурулгандыгы аныкталды. Тинтүү учурунда, үйдүн кампасынан криптовалютаны иштетүү үчүн 12 жабдуу табылган. Учурда келтирилген зыянды эсептөө иштери жүрүп жатат.