Караколдогу баасы 700 миллион сомдон ашкан "Ак-Тилек" базары мамлекетке өттү
УКМК тарабынан Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" кооперативинин жетекчилиги тарабынан финансылык-экономикалык ишмердүүлүктө бир топ мыйзам бузуулар жана өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык аракеттери аныкталды.
Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында УКМК тарабынан "Ак-Тилек" соода-базар комплексинин жетекчилигинин кеңсесинде жана үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документалдык материалдар табылды. Жыйынтыгында, "Ак-Тилек" кооперативинин жетекчилиги өз ыктыяры менен аянты 29 119,6 чарчы метр болгон, баасы 700 миллион сомдон ашкан "Ак-Тилек" базарын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берди. Учурда тергөө иштери уланууда.