SerepTV Logo

Караколдогу «Актилек» базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Караколдогу «Актилек» базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Бүгүн, 2-июль күнү саат 07:10 чамасында Каракол шаарынын "Актилек+" базарында чыккан өрт саат 10:33тө толук өчүрүлдү. Маалыматка ылайык, базардагы кийим-кече сатылган контейнердин 900 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттү өчүрүүгө Каракол шаардык Өрткө-каршы куткаруу кызматынан 3 бөлүм тартылган. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.