SerepTV Logo

Караколдо унаа токтотуучу жайда Infiniti күйүп кетти (сүрөт)

Караколдо унаа токтотуучу жайда Infiniti күйүп кетти (сүрөт)
Ысык-Көлдө унаа токтотуучу жайдагы Infiniti үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Кечээ, 9-май күнү Каракол шаарындагы Коёнкөзов көчөсүндөгү короодо саат 19:20 чамасында унаа токтоочу жай күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Каракол шаарынын 2 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Тилсиз жоонун кесепетинен унаа токтоочу жай жана Infiniti үлгүсүндөгү унаа күйгөн. Өрт саат 19:40та чектөөгө алынып, 20:15те толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="45146,45147,45148"]
edita