SerepTV Logo

Караколдо секелек кыз жолго чуркап чыгып, унаанын алдына кирип кеткен (видео)

Караколдо секелек кыз жолго чуркап чыгып, унаанын алдына кирип кеткен (видео)
Каракол шаарында 11 жашар кыз жолго чуркап чыгып, унаанын дөңгөлөгүнө кирип кеткен. Ысык-Көл ОИИБдин берген маалыматына караганда, 28-сентябрда саат 19:40 чамасында Каракол ШИИБге ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда 2010-жылы туулган кызды унаа сүзүп кеткени айтылган. Факты каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Териштирүү учурунда кырсык болжол менен шаардагы Алдашев менен Жамансариев көчөлөрүнүн кесилишинде катталганы маалым болгон. Ак-Суу районунун 1982-жылы туулган тургуну Хонда Стэпвагон үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, секелек кызды сүзүп кеткен. Тергөө учурунда жабырлануучунун апасы эч кандай дооматы жок экенин айткан. Ал арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан баш тарткан. Сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду. Ошол эле учурда, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери 127-берененин негизинде унаанын айдоочусуна айып пул салышты.  Ал эми жергиликтүү ЖМКлар окуянын видеосун жарыялашты. https://static.bulbul.kg/mp4/7/80787.513b482ae62277446db7356865977692.360.mp4