SerepTV Logo

Караколдо жөө жүргүнчүнү сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды

Караколдо жөө жүргүнчүнү сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды
Караколдо жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 3-март күнү саат 20:00 чамасында Каракол шаарынын Карасаев жана Шапак Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу жолдон өтүп бара жаткан Каракол шаарынын тургуну 2008-жылы туулган Э.К. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен белгисиз айдоочуну табуу максатында облус аймагында атайын “Колго түшүрүү” иш-мерчеми жарыяланып, ар бир шаар райондорго күзөттөр коюлуп, ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, көрүлгөн иш чаралардын негизинде, Каракол шаардык ЖКК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыш иши изи сууй электе, кылмышка шектүү катары ВАЗ 231099 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2004-жылы туулган жаран кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп берилди. Ал эми унаасы айып короо жайына токтотулду.