Караколдо жаш журналист кыздын жансыз денеси табылды
Бүгүн, 12-январга караган түнү болжол менен түнкү саат 12:00дө Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына “Тез жардам” кызматынан маалымат келип түшкөн.
"1991-жылы туулган Каракол шаарынын тургуну өзүнүн сарайында асынган абалда табылган. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынты күтүлүп жатат", - деп Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Жансыз денеси табылган маркумдун облустук телеканалда кабарчы болуп иштеп келгени айтылууда.