SerepTV Logo

Караколдо изделип жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси чуңкурдан табылды

Караколдо изделип жаткан өспүрүмдүн жансыз денеси чуңкурдан табылды
Каракол шаарында стадиондун аймагынан 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.  Маалыматка караганда, 30-октябрда саат 12:30 чамасында милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, анын 13 жаштагы уулу эртең менен сабакка кетип, кайрылып келбегенин айткан. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Кийинчерээк тургундардан шаардык стадиондун жанынан 4 метр тереңдиктеги чуңкурдан жашы жете элек баланын жансыз денесин табышканы тууралуу маалымат түшкөн. Маркум изделип жаткан өспүрүм экени такталды. Бул факты дагы Каракол ШИИБге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Баланын өлүмүнүн себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөө иштери жүрүп жатат.