Караколдо бастырмадан өрт чыкты
Каракол шаарындагы чөп жыйнаган сарайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-февралда түшкү саат 4 чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Торгоев көчөсүндө бастырмадан өрт чыккан. Андагы 150 түк саман толугу менен күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 17:30да толугу менен өчүрүүлгөн.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.