Караколдо 84 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды
Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринде 84 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМдин куткаруучулары Кутманалиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1937-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.