Караколдо 42 жаштагы аялдын жансыз денеси уктоочу бөлмөдөн табылган. Кылмышка күйөөсү шектелип жатат
Каракол шаарында аял кишинин өлүмүнө шектелип жарандык күйөөсү кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Каракол ШИИБдин "102" кызматына телефон аркылуу кабар түшкөн, анда батирдин ичинде аялдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу айтылган. Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге барган милициянын тергөө-ыкчам тобу уктоочу бөлмөсүнөн ошол эле батирде жашап жүргөн Каракол шаарынын 42 жаштагы тургунунун жансыз денесин табышкан. Сырткы кароо жүргүзүүдө каза болгон аялдын денесинде шектүү тактар байкалган.
Факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун (этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө, анын натыйжасында өзүн-өзү өлтүрүүгө, же болбосо эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор зыян) алып келген) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү соттук экспертизалар дагы дайындалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, аялдын өлүмүнө шектелип, анын жарандык күйөөсү - Ак-Суу районунун 34 жаштагы тургуну милиция бөлүмүнө алып келинген. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан жарандык күйөөсүнө Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту менен каралган кылмыш боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирме берилген. Каракол шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен кылмышка шектелип жаткан жаранга карата эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.