SerepTV Logo

Караколдо көп кабаттуу үйдүн батири күйүп кетти

Караколдо көп кабаттуу үйдүн батири күйүп кетти
Каракол шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты. Бүгүн, 6-июлда түнкү саат 00:30 чамасында Каракол шаарынын Восход кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн бир батири күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 01:01де чектөөгө алынып, саат 01:30да толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок. Жалпысынан 8 чарчы метр үйдүн ичи жана үй оокаттары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.