SerepTV Logo

Кара-Суудагы куралдуу каракчылыкта жоголгон 114 миң доллар: Милиция кызматкерине айып тагылды

Кара-Суудагы куралдуу каракчылыкта жоголгон 114 миң доллар: Милиция кызматкерине айып тагылды
Кечээ, 6-июнда Кара-Суудагы куралдуу каракчылык боюнча тергөө аяктап, иш сотко жөнөтүлгөнү маалым болгон. Жоголгон 114 миң доллар табылган эмес. Окуя боюнча Кара-Суу РИИБдин ыкчам кызматкерине айып тагылган. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кызматкер Жазык кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 205-берене (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Сотто анын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыккан. 13-декабрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында курал менен каракчылык катталып, анда үч мурда соттолгон жарандар кармалган. Кийин кол салуу болгон унаада Кытай жаранына таандык 114 миң доллардын тегерегинде акча болгондугу маалым болгон. Буга удаа эле акчанын дайынсыз жоголгону айтылып, ал факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы билдирилген. Милиция жоголгон 114 миң долларды милиция кызматкерлери алып коюшкан деген маалымат калп экенин да айткан.