Кара-Сууда уктоочу бөлмөдөн жоголгон 5 жаштагы кыздын талаадагы унаадан табылышы. Башкы прокурор комментарий берди
Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кара-Суудагы 5 жаштагы кыздын окуясы боюнча комментарий берип жатып, кылмышкердин күнөөсү далилденсе, оор жаза аларын айтты.
"Бүгүнкү күндө "Адам уурдоо" жана "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Шектүү адам бүгүн камакта. Ар бир жашы жете электерге жасалган зомбулуктар менин көзөмөлүмдө. Булардын статьядагы санкциясы дагы эң оор. Күнөөсү далилденсе, эң оор жаза алат", - деди ал.
Кара-Сууда 5 жаштагы кыздын зордукталганы айтылган. Милициядан шектүү кармалганын билдиришкен.
- 15-апрель күнү милицияга Ош облусунун 1991-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-апрелде эртең менен 2019-жылы туулган кызы уктап жаткан бөлмөсүндө жок болуп жаткандыгын билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тийиштүү издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, изделип жаткан кыз Кара-Суу районунун аймагында талаадан бейтааныш жарандын унаасында отурган жеринен табылган.
- Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адамды уурдоо) жана 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары автоунаанын ээси Ош облусунун 1993-жылы туулган тургуну кармалып, камакка алынган.