SerepTV Logo

Кара-Сууда сел жүрүп, суу турак үйлөрдү каптады (сүрөт)

Кара-Сууда сел жүрүп, суу турак үйлөрдү каптады (сүрөт)

Ош облусунун Кара-Суу районунда сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 18:30 чамасында кыска мөөнөттүү жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Баш-Булак айылында сайдан сел жүрүп, турак үйлөрдү каптаган. Жеринде ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынан жана Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, 16 куткаруучу, 2 даана жүктөгүч тартылган.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="67213,67214"]