Кара-Сууда кыз «тарзанкадан» боюн таштаган окуя. Анын жигити эмне болду?
Кара-Сууда «тарзанкадан» боюн таштап каза болгон кыздын сөөгүнө дайындалган экспертиза чыга элек. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул факты боюнча «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен кылмыш иши ачылган. Бирок экспертизанын корутундусу чыга электигине байланыштуу окуяга кимдир-бирөөнү айыптоого эрте дешет милициядан. «Кызга 3 түрдүү, анын ичинде биологиялык экспертиза дагы дайындалган. Ал көп убакытта чыгат экен, ушул жума даяр болуп калышы мүмкүн. Бул факты боюнча "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен иш ачылган. Бирок кыздын жигитинин күнөөлүү экенин далилдей турган фактылар жок болгондуктан, ал камакта эмес, эркиндикте. Азыр кыздын телефон аркылуу сүйлөшкөндөрү боюнча да иликтөө жүрүп жатат. Толук бүткөндөн кийин билинет», - дешти милициядан.25-март күнү Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында орун алган Дача участкасында 26 жаштагы кыз «тарзанкадан» боюн таштап каза тапкан. Кийин анын бул кадамга баруусуна жигити менен уруша кеткени себеп болгону айтылган. Айрым ЖМКлар жигитинин үй-бүлөсү бар экенин жазып чыгышкан эле. Кыздын өзүн-өзү өлтүрүүгө баруусунун себебин тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.