SerepTV Logo

Кара-Сууда көпүрө жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда түшүп кетти (сүрөт)

Кара-Сууда көпүрө жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда түшүп кетти (сүрөт)

Ошто жүк ташуучу унаа менен кошо көпүрө түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 24-чакырымында көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн өтүп баратып, көпүрө менен кошо түшүп кеткен. Учурда унаалар айланма жол аркылуу өтүп жатат. Унаанын ичиндеги 2 адам аман-эсен.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="77629,77630"]