SerepTV Logo

Кара-Сууда катталган жол кырсыкта 4 адам каза болгону айтылууда

Кара-Сууда катталган жол кырсыкта 4 адам каза болгону айтылууда
Ош-Алай унаа жолунда жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшүп, кырсыктан төрт адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазышты. Маалыматка караганда, кырсык 3-сентябрда Кара-Суу районунун Талдык айылында катталган. Анда Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 3 жүргүнчү каза болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кырсык такталып жатканын билдиришти.
Unknown Author