Кара-Сууда аялы менен кайненесин ур-токмокко алган шектүү 7 суткага кармалды
Кайненесин ур-токмокко алган шектүү камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
30-ноябрь күнү милицияга Мады айыл аймагынын 1960-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 29-ноябрь күнү 1989-жылы туулган күйөө баласы ур-токмокко алгандыгын билдирген. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, ден соолукка атайын жеңил зыян келтирилгендиги аныкталды.
Жабырлануучунун 1989-жылы туулган күйөө баласы тергөө кызматына жеткирилип, анын үстүнөн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 57-беренесинин (ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү) негизинде материал топтолуп, райондук соттун кароосуна жиберилген.
11-декабрь күнү 1989-жылы туулган жаран Кара-Суу райондук соту тарабынан 7 суткага камакка алынды. Учурда бул жарандын үстүнөн аялын ур-токмокко алуу фактысы боюнча дагы тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.