SerepTV Logo

Кара-Сууда 4 балалуу келин асынган абалда табылды

Кара-Сууда 4 балалуу келин асынган абалда табылды
Кара-Суу районунун Ишкаван айылында 32 жаштагы келин муунуп каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя 22-апрель күнү саат 12:30 чамасында болгон.  Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылынын тургуну, 32 жаштагы С.К белгисиз себептерден улам үйүнүн жанындагы автоунаа токтотуучу гараждын ичинде жоолук менен өзүн-өзү асып каза тапкан. Аталган окуя боюнча маркумдун жолдошу Ж.К. жана жакын туугандары эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдиришип, сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Милициядан келин эч жерде иштебегенин, 3 уул, бир кызы болгонун билдиришти.
Unknown Author