SerepTV Logo

Кара-Сууда 26 жаштагы кыз көпүрөдөн бой таштап, каза тапты

Кара-Сууда 26 жаштагы кыз көпүрөдөн бой таштап, каза тапты
Кара-Сууда 26 жаштагы кыз көпүрөдөн бой таштап, каза тапты. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя 25-март күнү саат 17:45 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында орун алган дача участкасындагы көпүрөдө болгон. Факты ошол эле күнү Жазык Кодексинин 136-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен Кара-Суу райондук милициясында каттоого алынган. Милиция кызматкерлери маркумдун Орусия жарандыгын алган кыргыз кызы экенин аныкташты. Ал окуядан бир күн мурун Кыргызстанга келген. Ыкчам тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяны ар тараптуу териштирүү боюнча РИИБнүн Тергөө кызматы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Unknown Author