SerepTV Logo

Кара-Сууда 17 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды

Кара-Сууда 17 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды
Кара-Сууда 17 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, окуя 8-июнда Жар-Ооз айылында болгон. Аталган факты РИИБге каттоого алынган. Өспүрүмдүн ата-энеси эч кимге доосу жок экенин айтып, соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Маркум үй-бүлөнүн тун уулу болгон жана Оштогу колледждердин биринде окуган. Учурда анын мындай кадамга барган себеби такталып жатат.