Кара-Суу РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
Кара-Суу РИИБдин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматнан билдиришти.
Маалыматка караганда, тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалган. "Кара-Суу РИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты кылмыш жоопкерчилигине тартууга Кара-Суу районунун тургунун коркутуп, андан 50 миң сом акча талап кылгандыгы аныкталган. Көрсөтүлгөн сумманын 15 миң сомун алуу учурунда тергөөчү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп айтылат маалыматта.