SerepTV Logo

Кара-Суу районундагы соцобъектилердин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды

Кара-Суу районундагы соцобъектилердин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды
Кара-Суу районундагы социалдык объектилердин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, Ош облустук прокуратура органдары тарабынан аймактагы социалдык инфраструктура объектилерин курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугун текшерүү иштери жүргүзүлдү. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтү 2020-жылдын 24-августунда “К.С.С.” ЖЧКсы менен аталган айыл өкмөттүн Миялы айылына 60 орундуу мектептин имаратын куруу үчүн келишим түзүп, ага ылайык Сарай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 7 миллион 130,4 миң сом акча каражаты курулуш иштерине каржылангандыгы аныкталган. Бирок кабыл алынган жумуштардын көлөмү контролдук өлчөөгө алынганда, Сарай айыл өкмөтүнүн жана “К.С.С.” ЖЧКнын жооптуу кызмат адамдары мектеп имаратынын курулушунун айрым жумуштарын жогорулатылган баада көрсөтүшкөн жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды актыга негизсиз киргизишип, натыйжада мамлекетке 2 миллион 970 миң сомдук материалдык зыян келтиришкен. Ош облусунун прокуратурасы тарабынан бул факты 8-июнда "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Unknown Author