Кара-Суу районунда мектептен өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылынын мектебинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ 2-март күнү, саат 18:28 чамасында аталган мектептен өрт чыгып, толугу менен өрттөнүп кеткен. Анда окуя болгон жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, саат 20:15 убагында тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда кырсыктын себеби такталып, териштирүү иштери жүрүүдө.