Кара-Кулжада сууга түшүп кеткен 10 жаштагы өспүрүм изделүүдө
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 10 жаштагы өспүрүм сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымат боюнча, 22-июнь күнү 2011-жылы туулган Ой-Тал айылынын тургуну Казык жайлоосунда Казык суусуна түшүп кеткен. Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. 24-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 23 куткаруучу тартылып, саат 18:00дө издөө иштери токтотулду. Натыйжа болгон жок. Бүгүн, 25-июнда издөө иштери улантылат.