SerepTV Logo

Кара-Кулжада сел жүрүп, 2 турак үйдү суу каптады

Кара-Кулжада сел жүрүп, 2 турак үйдү суу каптады
Кечээ, 2-июлда болжол менен саат 18:30 чамасында Кара-Кулжа районунун Күйөө-Таш айылында катуу жамгыр жаап, сел жүрдү. Бул тууралуу ӨМКден билдиришти. Маалыматка караганда, кокту-колоттон жүргөн сел 2 турак үйдү жана 9 турак үйдүн короосун каптаган. Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн атайын комиссиясы тартылды.