SerepTV Logo

Кара-Кулжада автоунаа дарыяга кулап кеткен. Куткаруучулар 3 адамды издеп жатышат

Кара-Кулжада автоунаа дарыяга кулап кеткен. Куткаруучулар 3 адамды издеп жатышат
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Hyundai Porter айдоочусу рулду башкара албай, сууга кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Унаанын ичинде 5 адам болгон. Куткаруучулар келгенге чейин жергиликтүү тургундар 40 жаштагы эркек кишини жана 13 жаштагы өспүрүмдү куткарып калышкан. «Үч адам: 4 жаштагы бала жана 36 жана 28 жаштагы эки эркек киши дайынсыз. Аларды издөө иштери уланууда», - деп билдиришти министрликтен.
Unknown Author