Кара-Көлдө катардагы жоокер ефрейторду атып алды
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жоокер ефрейторду атып алды. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-апрелде эртең мененки саат 07:58де ИИМдин Ички аскерлеринин Кара-Көл шаарында жайгашкан 718-аскер бөлүгүнүн Токтогул ГЭСтеринин каскадын кайтаруу боюнча кароолунун курамында турган катардагы жоокер куралын октоо учурунда кокусунан атып жиберген. Натыйжада кароолдун башчысынын жардамчысы, ефрейтор оң колунан жаракат алган. Учурда анын абалы туруктуу, ден соолугуна олуттуу коркунуч келтирилген эмес жана Кара-Көл шаардык аймактык бейтапканасында дарыланууда.
Аталган факты боюнча Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан зарыл болгон сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлөт.