Таласта киши колдуу болгон кыздын окуясы боюнча жигиттин досу 3 күндөн бери сурак берүүдө
4-июнда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында болгон каргашалуу окуядагы баланын досу тергөөгө алынды. Бул тууралуу Талас облусунун ички иштер башкармалыгынан СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдиришти. Маалыматка караганда, кылмыш болгон жерде бала менен кыздан тышкары үчүнчү тарап да болгон. 19 жаштагы жаран кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 3 күндөн бери тергөөдө сурак берип жатат.
Мындан 4 күн мурда Жаңы-Жер айылынын 18 жаштагы тургуну мылтыктын огунан каза болгон. Аны атып өлтүрүүгө шектүү деп изделип жаткан 19 жаштагы жигиттин сөөгү асынган абалда табылган. Жаңы-Жер айылынын тургунунун айтымында, кыз менен бала классташ болушкан жана экөө тең жакшы үй-бүлөнүн балдары.