Кара-Балтада үйдөн өрт чыгып, аял киши күйүк алды
Кара-Балта шаарында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Громова көчөсүндө үйдүн бөлмөлөрү жана чатырынын айрым жерлери күйгөн. Өрт кырсыгынын кесепетинен үйдүн 1960-жылы туулган ээси бетинен күйүк алган. Ал мас абалында болгон. Өрттүн себеби такталууда. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, саат 23:15те чектөө алынып, 01:40да толук өчүрүлгөн.