SerepTV Logo

Кара-Балтада партия лидеринин унаасын аткылап кетишти

Кара-Балтада партия лидеринин унаасын аткылап кетишти
Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар саясий партиянын лидеринин унаасына ок чыгарышты. Белгилүү болгондой, 19-апрелден 20-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында белгисиз адамдар «Элдик-Народная» саясий партиясынын негиздөөчүсүнө таандык Тойота Камри автоунаасын короодо токтоп турган жеринен эки жолу атышкан. Белгисиз куралдардын огу унаанын арткы айнегине тийген. Шаардык кеңеште бул партиядан 5 мандат бар. «Элдик-Народная» партиясынын депутаттары шаардын 2021-жылдагы бюджетинин кабыл алынышына каршы сотко кайрылууну көздөшкөн. Ошондой эле, кечээ жакында эле прокуратурага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каржылык мыйзам бузуулары боюнча арыз беришкен. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Элдик-Народная» партиясынын жетекчиси Бадалов Назми Азреталыевич экени көрсөтүлгөн. [gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="38763,38758"]
Unknown Author