SerepTV Logo

Кара-Балтада коомдук мончо жана жер тилке мамлекетке кайтарылды

Кара-Балтада коомдук мончо жана жер тилке мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан коомдук мончонун имараты менен аянты 0,21 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылып кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында, жалпы 69 миллион 31 миң 200 сомго бааланган мончонун имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчигине кайтарылды.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="275071"]