SerepTV Logo

Кара-Балтада арыкта кары аялдын жансыз денеси табылды. Ал киши колдуу болгон

Кара-Балтада арыкта кары аялдын жансыз денеси табылды. Ал киши колдуу болгон
Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 4-февраль күнү Жайыл РИИБге Бишкек шаарынын жашоочусу телефон чалып, анын Кара-Балта шаарында жашаган 68 жаштагы апасы бир нече күндөн бери байланышка чыкпай жатканын билдирген. Жогорудагы маалыматты текшерүү үчүн көрсөтүлгөн дарекке Жайыл РИИБдин кызматкерлери чыгышкан. Милиция кызматкерлери барган учурда үйдө ал аял киши жок болгон, милиция кызматкерлери кошуналардан сураштырып, үйлөрдүн эки жагын караштырышкан. Издөө учурунда Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси арыкта табылып, ал жогорудагы аял экендиги такталган. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган. Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Окуя болгон жерди кароо учурунда, каза болгон аялдын эки телефону жоголгону такталган. Кылмышка шектелип 39 жаштагы жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.