SerepTV Logo

Кара-Балтада жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен эки кичинекей бала каза болуп калды

Кара-Балтада жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен эки кичинекей бала каза болуп калды
Жайыл районунда эки бала жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык 13-октябрда саат 18:30 чамасында Кара-Балта шаарында болгон. Жүк ташуучу унаанын 69 жаштагы айдоочусу 7 жана 8 жаштагы балдарды сүзүп кеткен. Кесепетинен экөө тең окуя болгон жерде каза болушкан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилген. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="295916,295917"]
edita